Ош шаардык мусулмандарынын казыяты УКМК, Ош ШИИБдин ЭММКАК, ДИМК ТАБы менен биргеликте калаадагы жакынкы күндөрү боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча жалпы дин кызматкерлерине багытталган жыйналыш өткөрдү.
Жыйынга УКМК, Ош ШИИБ, ДИМК ТАБдын өкүлдөрү, Ош шаарындагы жалпы мечиттердин имам, наиб-имам, азанчы, чарбалык кызматында иштегендер, медресе мүдүрлөрү, окуу бөлүмдөрү катышты.
“Кыргыз Республикасы – көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, социалдык мамлекет. Шайлоого 18 жашка толо элек адамдар, чет элдик жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар, диний уюмдардын мүчөлөрү жана өкүлдөрү үгүт жүргүзүүгө, үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укусуз деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан коюлган талаптар аткарылбаса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жоопкерчилик каралып калат», – деп маалымат беришти жыйынга келген мамлекеттик органдардын өкүлдөрү.
Ал эми Ош шаарынын казысы М. Токтомушов алдыда келе жаткан шайлоонун үгүт иштерине катышууга укуксуз дегенди шайлоого катышпоо деп түшүнүп алып барбай койгондор да жок эместигин, балким Кыргызстандын жараны катары активдүү катышуу жалпы жарандардын укугу экенин, болгону диний кызматтагылар тиешелүү мыйзамдарга ылайык шайланууга жана үгүт иштерине аралашпоосу керектигин эскертти.