Баткен казыяты облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн Ыраазычылык каты менен сыйланды

Баткен казыятынын эмгек жамааты КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ыраазычылык каты менен сыйланды.

Аталган сыйылыкты 19-20-октябрь күндөрү Баткен шаарында өткөн республикалык Куран жарышынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабировко тапшырып, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы, Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык маарекесине өткөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.