Абибилла ажы Кадырбердиев: «Медресенин курулуш иштерин тездетип, окуу тартибин иретке келтирүү керек»

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери Кара-Кулжа районуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында «Шарип Ата» медресесинин ишмердүүлүгүнөн кабар алып, бир канча тапшырмаларды берип, айрым кемчиликтерден улам медресе мүдүрүнө эскертүү берди.

КМДБ жетекчисинин тапшырмасына ылайык, облус аймагындагы диний окуу жайларды кыдыруу башталып, анда окуу программасы, колдонулуп жаткан диний адабияттардын программага дал келүүсү, окуу жайдын имаратында түзүлгөн шарттарын, бирдиктүү тайпалык журналдарын колдонулуусу жана окуу сапатына көңүл буруу каралат.

Жогоруда аталган маселелер «Шарип Ата» медресесинде толук кандуу аткарылбагандыгы жана айрым кемчиликтерди ондоп-түзөө үчүн окуу жай мүдүрүнө оозеки эскертүү берилди.

«Учурда мечит-медресенин курулуш иштери жүрүп жатыптыр. Албетте бул жакшылыктын болуп жатканы жакшы көрүнүш. Бирок биз карап жаткан маселелер боюнча толук кандуу иштер аткарылбагандыгы кайдыгерликтин белгиси. Медресенин курулуш иштерин тездетип, окуу тартибин иретке келтирүү керек. Айтылган кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюу үчүн болгон күч аракетиңиздерди жумшаңыздар», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Айта кетсек, борбордук мечит менен биргеликте райондук хатибияттын имараты да жаңыланат.