Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Т. Кулатов айыл өкмөтүндөгү «Абшыр-Ата» мечитинде айымдар үчүн мавлид кечеси өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Ноокат районунун баш имам-хатибдин орун басары Имамидин ажы Мамасадыков, Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Анарбай Матраимов жана аймактагы жергиликтүү бир канча мечит имамы жана жалпы айымдар катышты.
«Эркектер үчүн жума баянында жана беш убакыт намаздарда ислам дининин баалуулуктары тууралуу маалыматка ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми айымдар, апа, эже-карындаштарыбызга бүгүнкүдөй иш-чараларды өткөрүү аркылуу колдон келгенче динибиздин баалуулуктарын жеткирүүгө аракеттенип келүүдөбүз. Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) өмүр баянын билүү үммөт катары биздин милдетибиз. Ошол себептен Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүр баяны тууралуу айтып, жалпы айымдарга баалуу маалымат бердик», – деди Имамидин ажы Мамасадыков.