Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери Кара-Кулжа районуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында «Айгүл Умму Фатима» атындагы аялдардын диний окуу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Зыяраттын алкагында казыят жетекчилиги тарабынан бир катар сунуштар айтылды.
«КМДБ тарабынан бекитилген Устав боюнча диний окуу борбордун түйшүгү медресеге караганда бир топко жеңил жана жашына карабай баарын окутууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой болсо да, окуу жайдын мугалимдери билим деңгээлин жогорулатууга, сапаттуу сабак өтүүгө аракет кылуусу керек. Менин сунушум мүмкүнчүлүккө жараша дасыккан күчтүү адистерди мугалим катары пайдалануу менен окуу жайдын атын дагы да көбүрөөк жерге жайылтуу керек», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.
Облус казысы аталган окуу борбордун тиешелүү иш кагаздары иреттүү жана окуу үчүн түзүлгөн шарттары жакшы экендигин билдирди.