Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондун акими Каныбек Апбасов менен жолугушуп, эки тараптуу тыгыз иштешүү жана үстүбүздөгү жылдын 30-октябрь күнү боло турган эл менен жолугушуу иш-чарасынын план, программасы боюнча талкуу өткөрүштү.
Жолугушуунун натыйжасында 30-октябрь күнү Өзгөн районунда өтүүчү эл менен жолугушуу иш-чарасына даярдыктарды көрүү жана уюштуруу боюнча баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров менен акимдин орун басары Максатбек Ибраимов демилгени колго алышты.
Айта кетсек, Ош облустук казыяты Ош облусунун мамлекеттик администрациясы менен макулдашып, райондордо жергиликтүү эл менен жолугушуулардын графигин түзгөн. Эл менен боло турган жолугушууларда райондук хатибияттын ишмердүүлүгү боюнча элге маалымат жана ысырапкорчулукка жол бербөө, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, үй-бүлө баалуулуктарын сактоо, бала тарбиясы, мечиттердин сапатын жогорулатуу сыяктуу маселер боюнча баяндамалар жасалат. Буга чейин, 16-октябрь күнү Ноокат районунда жергиликтүү эл менен жолугушуу болуп өткөн.