Мирланбек ажы Токтомушов шаар имамдарынын айлык отчётун укту

Ош шааардык казыятынын жетекчилиги калаадагы жалпы мечиттердин имамдарына айлык жыйын өткөрдү. Куран окуп бата кылуу менен башталган жыйында шаар казысы имамдардан буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчётун угуп, кийинки айга тапшырмаларды берди.

Жыйында каралган маселелер:

— Жалпы мечиттерде бир убакта азан айтуу, азандын туура айтылышына көңүл буруу;

— Мечитте үстөл же атайын отургучта отуруп намаз окуунун өкүмүн жамаатка жеткирүү;

— Жума намазда форма менен КМДБ тарабынан бекитилген темадан чыкпай, убагында окуу;

— Мечиттерди кышкыга ысык суу, жылуулоо, күз айлары келгендиктен мечиттин айланасынын тазалыгына көңүл буруу;

— Соңку учурларда шарияттын талаптарына жооп бербеген жаңы жана түрлөп чыккан “Вуду сокс” өңдүү байпактарга масх тартуу дааратты жараксыз кыларын элге жеткирүү.

Мирланбек ажы Токтомушов ар бир имамдын өз жамаатынын алдында аткарып жаткан кызматын жогору баалап, алдыда келе жаткан жергиликтүү шайлоолордун үгүт иштерине аралашпоону эскертти.