Сулумбек ажы Узеналиев: «Дин жеткирүүдө так жана далил менен жеткирүү шарт»

Талас облусунун Талас районуна караштуу Талды-Булак айылында Талас району  жана Талас шаарынын имамдарына жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Талас облусунун мусулмандар казысы Сулумбек ажы Узеналиев баштаган казыят жамааты, райондун баш имам-хатиби, айыл аймак боюнча жооптуу имамдар жана жалпы мечиттердин имамдары катышты.

Алгач он ай аралыгында аткарылган иштердин маалыматы угулуп, алдыда аткарыла турган иштердин иш пландары талкууланды.

«Урматтуу имамдар! Азыркы заман талабына ылайык ар тараптан өзүбүздү өнүктүрүүнүн үстүндө иш алып барышыбыз керек. Себеби азыркы учурда коомубуздагы адамдардын динге, ыйманга болгон талабы жогору. Ошондуктан биз аларга бир нерсени жеткирүүдө так жана далил менен жеткиришибиз керек. Ошону менен биргеликте ишибизге так бололу. Азыркы тапта айыл аймак имамдары шайланып, иштер бөлүнүп берилүүдө. Ал эми алдыбызда кыш айлары келе жатат. Андыктан мечиттерибизди жылуулап, келген жамаатка жакшы шарттарды түзүп берели», – деди облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев.

Жыйындын жүрүшүндө имамдарга бир канча тапшырмалар берилди. Алсак:

— Мечиттерди кыш айларына карата жылуулап, даярдык көрүү;

— Имамдык милдетке жоопкерчиликтүү болуу;

— Район, шаар ичиндеги намазканаларды эсептик каттого алып, базага киргизүү;

— Мечиттердин тазалыгына көңүл буруу;

— КМДБ жана казыят тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу;

— Жаштар менен иш алып баруу;

— Имамдардын квалификациясын жогорулатуу максатында уюштурулуп жаткан сабактарга активдүү катышуу;

— Ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Жыйындын соңу суроо-жооп менен коштолуп, жалпы элге бата кылуу менен жыйынтыкталды.