Бүгүн, 23-октябрь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган облустагы райондордун баш имам-хатибдери Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушуу алдында район акими Канат Табалдиев менен жолугушуп, райондогу диний кырдаал талкууланды.
Район акими Канат Табалдиев казыят жетекчилигинин райондордун баш имам-хатибдери менен биргеликте жергиликтүү эл менен жолугушууларды уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгы жакшы жышаан экендигин айтып, өз ыраазычылыгын билдирди.
Абибилла ажы Кадырбердиев элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө дин кызматкерлери ар дайым кызматташууга даяр экендигин билдирип, район акимине чакан белегин тапшырды.