Бүгүн, 23-октябрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жергиликтүү эл менен жолугушуу болуп, анда КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, ДИМК ТАБнын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев жана Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусовдор баяндама жасашты.
Жолугушууда Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов хатибияттын тарыхы жана учурдагы ишмердүүлүгү боюнча элге маалымат берсе, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев ысырапкорчулукка жол бербөө, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, үй-бүлө баалуулуктарын сактоо, дин менен каада-салтты айкалыштыруу, мечиттердин абалын жакшыртуу, балдардын тарбиясына көңүл буруу жана туура эмес агымдарга кирип кетүүнүн алдын алуу максатында диний маалыматтарды расмий дин кызматкерлеринен гана алуу керектиги боюнча өз баяндамасында камтып өттү.
Ошондой эле КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов дин тутуу эркиндигин туура пайдалануу жөнүндө, ДИМК ТАБнын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепциясы тууралуу айтышса, Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев райондогу диний кырдаал боюнча айтып өттү.
Айта кетсек, Ош облусунун райондорунда жергиликтүү эл менен жолугушуу иш-чарасынын графиги түзүлүп, буга чейин 16-октябрь күнү Ноокат районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүлгөн. Алдыда 30-октябрь күнү Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу болмокчу.