Бүгүн, 24-октябрь күнү ыйык Медина мечитинин имамы Шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейрди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров жана Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради тосуп алышты.
Салтанаттуу саамалыкка Азирети Муфтийдин орун басарлары жана КМДБнын жетекчилик курамы катышты.
«Эки ыйык мечиттин имамы» аттуу атактуу наамга ээ имам шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейрдин программасы төмөнкүчө.
Программа:
24-октябрь
18:20 Бишкек шаарындагы Кимсанбай ажы атындагы (эски борбордук) мечитинде шам намазын окуйт.
19:50- 20:30 Бишкек шаарындагы Махмуд Кашгари мечитинде куптан намазын окуйт.
25-октябрь
12.00 – 14.00 Бишкек шаарынын башкы борбордук имам Сарахсий мечитинде жума намазын окуйт.
18:20- 19:00 Бишкек шаарындагы «7 апрель шейиттер» мечитинде шам намазын окуйт.
19:50 – 20:30 Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы «Сатук Буурахан» мечитинде куптан намазын окуйт.
26-октябрь
18:20- 19:00 Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районундагы Аблиз ажы Салимов мечитинде Куптан намазын окуйт.