Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков Кара-Суу районундагы №41 Т. Бердибеков атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча лекция окуду.
«Жаш бутак тез ийилет демекчи, жаш кезибизде түрдүү нерселерге кызыгуулар пайда болот. Өзгөчө технология өнүккөн учурда социалдык тармактардан каалаган маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бирок диний маалыматтарды алууда өтө кылдаттык талап кылынат. Анткени ар түрдүү туура эмес агымдардын чыгарган маалыматтары да интернет айдыңында жайнап кеткен. Аларды анализ кылбастан окуу адашууга алып барат. Ошол себептен диний маалыматтарды расмий дин кызматкерлеринен сурагыла. Анткени расмий имамдарыбыз салттуу ислам боюнча өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Салттуу ислам – бул ханафи мазхабы, матуриди акыйдасынын Орто Азияда калыптанган үлгүсү. Жалкоолук, кайдыгерлик сыяктуу жаман сыпаттардан алыс бололу. Ошондой эле мектепте түз жүрүп, жакшы окуу менен ийгиликке жетесиңер. Анткени мусулман адам адеп-ахлак, жүрүм-турум боюнча башкаларга үлгү болуусу керек», – деди Абдималик ажы Турсунбеков.
Аталган жолугушууга ИИМдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери да катышып, өз баяндамаларын жасады.