Ошто айдоочуларга «Адам жаны аманат» аталышында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

«Ош Унаа бекети» муниципалдык ишканасында Ош-Баткен, жана Ош-Жалал-Абад багыттары боюнча каттаган айдоочуларга «Адам жаны аманат» аталышында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Ош шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Каныбек ажы Жусупов, «Ош Унаа бекети» муниципалдык ишканасынын  жетекчиси Нурлан Тиленчиев жана айдоочулар катышты.

Саамалыкта Ош шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Каныбек ажы Жусупов адам жаны аманат экенин баса белгилеп, айдоочуларды көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашпоого, унааларды техникалык кароодон өткөрүүгө жана кышкыга даярдык менен каттамга чыгууга чакырды.

«Адам өмүрүн алган жол кырсыктарына күбө болуп жүрөбүз. Кыш келе жатат. Андыктан унааларды техникалык кароодон өткөрүңүздөр жана дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырыңыздар», – деди Каныбек ажы Жусупов.