Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылынын «Зыйнат апа» мечитинде Бакай-Ата районунун жалпы имамдарына жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев баштаган казыят кызматкерлери, райондун баш имам-хатиби, айыл аймак имамдары жана жалпы мечиттердин имамдары катышты.
Жыйында хатибияттын 10 ай аралыгында аткарган иштеринин маалыматы угулуп, иш үстүндөгү мүчүлүштүктөрдү толуктоо маселелери каралды.
Ал эми жыйындын жүрүшүндө коомубуздагы актуалдуу болуп жаткан маселелер талкууга коюлуп, аларды чечүү жана жөнгө салуу жолдору каралды. Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев баш имам-хатиб жана имамдарга тиешелүү тапшармаларды берди. Алсак:
— Мечиттерди кыш айларына карата жылуулап, даярдык көрүү;
— Район ичиндеги намазканаларды эсептик каттоого алып, базага киргизүү;
— Мечиттердин тазалыгына көңүл буруу;
— КМДБ жана казыят тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу;
— Жаштар менен иш алып баруу;
— Жергиликтүү укук коргоо органдары менен иш алып баруу;
— Имамдардын квалификациясын жогорулатуу максатында уюштурулуп жаткан сабактарга активдүү катышуу;
— Ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
— Имамдык кызматка жоопкерчиликтүү болуу.
— Алдыда келе жаткан шайлоонун үгүт иштеринде катышпоо.
Сулумбек ажы Узеналиев имамдарды илим-билим жаатында өсүп-өнүгүүгө чакырып, кыш айларына мечиттерди жылуулап, мыктылап даярдык көрүү боюнча тапшырма берди.