Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Чыңгыз Бапаев менен жолугушуп, райондогу диний кырдаал жана жергиликтүү тургундар менен өтүүчү жолугушууда каралуучу маселелер боюнча талкуулашты.
«Ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча имамдарыбыз көптөн бери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишүүдө. Буйруса жергиликтүү эл менен жолугушуу иш-чарасында бир канча маселелерди камтуу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошондуктан, мүмкүн болушунча жергиликтүү активисттерди чакырып, жолугушууну жогорку деңгээлде уюштуруп берүүңүздү суранам», – деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.
Ал эми райондун акими Чыңгыз Бапаев элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө хатибият менен ар дайым кызматташууга даяр экендигин билдирди.