ДИМК директору Азамат Юсупов Пайгамбар мечитинин имамын кабыл алды

Бүгүн, 25-октябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов Кыргызстандагы  Сауд Араб Падышалыгынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради жана Сауд Аравия Падышалыгынын Медина шаарындагы Пайгамбар мечитинин имамы шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейр менен жолугушту.

Жолугушууда Азамат Юсупов Кыргыз Республикасындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, ислам жаатындагы диний уюмдар, Сауд Араб Падышалыгы тарабынан көрсөтүлгөн кайрымдуулук иштери жана ажылыкты уюштурууну жакшыртуу боюнча тыгыз кызматташуу болуп жаткандыгын белгилеп өттү.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Падышалыгынын ар тармактан эки тараптуу кызматташуусу жылдан-жылга өнүгүп бара жатканын жана мындан ары дагы жогорку деңгээлге жеткирип, кызматташууга даяр экендигин билдиришти.