«Масжид ан-Набави» мечитинин имам-хатиби Кыргызстан Ислам университетин зыярат кылды

Бүгүн, 25-октябрь күнү «Масжид ан-Набави» мечитинин имам-хатиби, Медина шаарынын имамы шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейр Кыргызстанга жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстан Ислам университетин зыярат кылып, окутуучулар жамааты жана студенттери менен жолугушту.

Кадырлуу конокту КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов башында турган окуу жайдын устаздары жылуу тосуп алды.

Жолугушууда шейх Аль-Будейр университеттин студенттерине билим алуунун артыкчылыктары тууралуу айтып, аларды заман талабына ылайык илим алууга, ар тараптан өнүккөн татыктуу кадр болууга кызыктырды. Жолугушуунун алкагында шейх Аль-Будейр ректор Абдишүкүр ажыга атайын арнаган белектерин тапшырды.

Өз кезегинде окуу жайдын ректору Абдишүкүр ажы келген конокторго окуу жайды зыярат кылдырып, мугалимдер жана студенттер менен жакындан жолукканы үчүн терең ыраазылыгын билдирип, «Куттуу үйдөн куру чыкпайт» деп конокторго белектерди тапшырды.

Мындан сырткары шейх Аль-Будейрге «Кыргызстан Ислам университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

Жолугушуунун акырында пайгамбарыбыздын мечитинин имамы Шейх Салах бин Мухаммад аль-Будейр Куран окуп, эл жерге тынчтык, ыйман, береке-бейпилдик тилеп дуба кылды.