Кара-Сууда 6 имамга умра сапарына жолдомо тапшырылды

Бүгүн, 25-октябрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун аймагындагы мечиттерде кызмат кылып келе жаткан 6 имамга умра сапарына жолдомо тапшырылды. Алар:

  1. «Садырбай» мечитинин имамы Токоев Нурбек
  2. «Жаңы Турмуш» мечитинин имамы Садиев Болушбек
  3. «Кызыл Ордо» мечитинин имамы Бапиев Самидин
  4. «Ак-Жар» мечитинин имамы Жумашов Жамшитбек
  5. «Кызыл Ордо» мечитинин наиб-имамы Гобоев Камытжан
  6. «Учкун» мечитинин наиб имамы Мамажанов Асан

Жогоруда аты аталган имамдарга райондун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов умра сертификатын тапшырып жатып, демөөрчү болгондорго ыраазычылык билдирди.

«Имамдарыбыз элди жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарууну үзгүлтүксүз жүргүзүп келишет. Имамдарыбыздын мээнеттери үчүн акыретте Алла Таала эселеп сыйлыктарын берсин. Ал эми учурда Эркинбек агабыз өз берешендиги менен имамдарыбызга умрага жолдомо белегин тартуулады. Аллахым демөөрчү болгон агабызга да жакшылыктарын ыроологон болсун», – деди баш имам-хатиб Исак ажы Юнусов.