Баткен облусунда студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

КР Президентинин “2021-2026-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын” жана “КР Министрлер Кабинетинин “2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын” ишке ашыруу максатында Баткен облусундагы жогорку, орто окуу жайлардын студенттери жана диний окуу жайлардын студенттери арасында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жана радикализм, экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча Баткен ОИИБдин, КР УКМК Баткен облустук башкармалыгынын, КР ДИМКнын өкүлүнүн, Баткен облустук казыятынын биргелешкен иш мерчемине ылайык профилактикалык-түшүндүрүү иштери жана мониторинг жүргүзүлүүдө.

Иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов студенттерге учурдагы диний абал боюнча токтолуп, экстремизм жана тероризмге каршы күрөшүү, динди жамынган туура эмес агымдарга бөгөт коюу жана ага каршы турууда салттуу дин баалуулуктарынын өзгөчө ордун белгилешти.

Ал эми Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов ислам динин жеткирүүдө ханафи мазхабы жана матуридия акыйдасы туура жол экени, ар түрдүү багыттарга азгырылбай, динди бурмалабай, ишеничтүү расмий тараптардан маалымат, билим алуу керектигин айтты.