Нуридин ажы Мамасабиров имамдарга кышка даярдык көрүү боюнча тапшырма берди

 

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун № 389 буйругун аткаруу максатында 24-25-октябрь күндөрү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына жана Лейлек районуна иш сапары менен барып, имамдарга жеринде жыйын өттү.

Иш-чарага шаар, райондун баш имам-хатибдери, мечит имамдары катышып, мечиттердин жана дааратканалардын тазалыгы, кышка даярдык жана башка маселелер каралды.

«Урматтуу имамдар! Алдыда кыш мезгили келе жатат. Андыктан мечиттерди кышка даярдоо иштери жүргүзүлүп, жылытуу, намаз окуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү, жылуу суу менен камсыз кылуу зарыл. Ошондой эле мечиттерде өрт коопсуздугун алдын алуу максатында электр өткөргүч чубалгыларын коопсуз абалга келтирүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлсүн», – деди Нуридин ажы Мамасабиров.