Баткен облусунун казысы Интернационалдагы медресенин курулуш иштеринен кабар алды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасбаиров Лейлек районуна болгон иш сапарынын алкагында чек арадагы Интернационал айынында имамдын демилгеси жана элдик ашар жолу менен курулуп жаткан медресенин курулуш иштеринен кабар алды.

Интернационал айылынын имамы Элмурат кары Абазбековдун айтымында, бул медресе 60 орундуу болуп, бардык заманбап шарттары эске алынган. Окуу жайда окуу бөлмөлөрдөн сырткары жатакана, спорт залы бар. Ошондой эле аялдар үчүн да атайын бөлмөлөр каралган.

Курулуш иштеринен кабар алган Нуридин ажы Мамасабиров аткарылып жаткан иштерге өзүнүн кубанычын билдирип, бул медресе келечекте эл-журтка руханий азык алуусуна чоң салымын кошуп, сообу курулуш иштеринде салым кошкондорго жазылып турарын айтты.

Белгилей кетсек, медресенин курулушунун демилгечиси Интернационал айылынын “Имам Бухари” мечитинин  имамы Элмурат кары Абазбеков 2023-жылы 1995-жылы туулган классташтары менен бирге көп жылдан бери үч кызы менен жалгыз жашаган жалгыз бой энеге жаңы үй куруп беришкен.