Бүгүн, 28-октябрь күнү Нарын облустук казыяттын кеңсесинде облус казысы Эрик Молдокулов райондордун баш имам-хатибдерине жыйын өткөрдү. Облус казысы Эрик Молдокулов, казынын орун басары Кумарбек Орозалиев, басма сөз адиси Эрнис Уметов жана баш имам-хатибдер катышкан чогулушта ар бир райондун баш имам-хатибдерине мурда-кийин берилген тапшырмалар суралып, тактоолор жүргүзүлдү.
Казыят жетекчилиги баш имамдардын райондордо аткарып жаткан жана алдыда аткара турган иш пландары менен таанышып чыкты.
Мындан сырткары облус казысы имамдарынын өздүк документтерин толуктоо, имамдардын айлык отчётторун өз убагында алуу боюнча тапшырма берип, эл жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барууну, аймактарда болуп жаткан иш-чараларды фото, видео түрүндө ыкчамдык менен жөнөтүп турууну, материалдарды жиберүүнү, жыл жыйынтыгы болгон он бир айдын отчётун толуктап жиберүүнү талап кылды.
Бул жыйналышта коюлган эң орчундуу маселе, алдыда келе жаткан кышка даярдык көрүп, ар бир айылдагы мечиттердин жылуулук маселесин чечүүнү тапшырды.
Айта кетсек, айрым айылдарда бул маселе чечилип жаткандыгын кээ бир имамдар айтып өтүштү.