Нарында мамлекеттик мыйзам жана салттуу ислам боюнча сабаттуулукту жогорулатуу курсу башталды

Бүгүн, 28-октябрь күнү КМДБ, КР ДИМК жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен биргеликте “Мамлекеттик мыйзам жана салттуу ислам боюнча сабаттуулукту жогорлатуу” аталышындагы имамдардын окуу курсу башталды. Жооптуу имамдарга багытталган бул окуу курсу Нарын облусунда старт берилип, аталган облустан 27 айыл аймактын имамдары катышты. Алгач облус казысы Эрик Молдокулов кабыл алып, окуу курсу бонча маалымат берип, “Салттуу дин түшүнүгү” тууралуу сабак кылып, окуу курсун баштап берди.

Андан соң Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Нарын облусундагы өкүлү Алмазбек Максутов диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты жүргүзүүнүн негиздери боюнча кеңири баяндама жасады.

Нарын шаарындагы “Юсуф Сыдык” атындагы медресесинин жыйындар залында жана окуу класстарында өтүлүп жаткан окуу курсунда Куран илими, Ислам юриспруденциясы (фикх), ишеним окуусу (акыйда), риторика сабактары өтүлмөкчү.