Баткен казыятында мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда диний абал талкууланды

Бүгүн, 28-октябрда Баткен облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында шаар, райондун баш имам-хатибдери жана диний окуу жайлардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүп, ага Баткен ОИИБнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы, милицияынын полковниги Арсланбек Аданов, КРнын ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өкүлү Туратбек Талипов катышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” жөнүндө чечимин ишке ашыруу, салттуу динди өркүндөтүү боюнча калк арасында жүргүзүлгөн иштер, жаштар жана аялдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен биргелешип аракеттенүү, диний окуу жайлардагы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, өзгөчө кырдалдардан сактануу эрежелери, облус аймагында терс диний агымдардын ишмердигин алдын алуу маселелери каралды.

Саамалыкта Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров бүгүнкү жыйын Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин тийиштүү токтомдорун жана Азирети Муфтийдин буйруктарын ишке ашыруу максатында өтүп жаткандыгын айтып, облустагы диний абалды жакшыртуу, өнүктүрүү жаатында ар бир мамлекеттик кызматтын орду өзгөчө экендигин белгилеп, дин кызматкерлери өлкөбүздүн биримдиги үчүн тыгыз кызматташууга жана жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.