Таласта имамдардын кезектеги «Ынтымак» мелдеши болуп өттү

Талас облустук казыяты тарабынан демилгеленген облус аймагындагы имамдардын кичи футбол боюнча «Ынтымак» турниринин 4-айлампасы Талас шаарында уюштурулду. Оюнга облустун ар бир районунан бирден команда жана облустагы ДОЖдун мүдүрлөрүнөн бир команда катышып, кичи футбол боюнча күч сынашты.

Оюндун ачылыш аземинде облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев уюштуруп жаткан Талас райондук хатибиятына ыраазычылыгын айтып, убакыт бөлүп келген командаларга ийгилик каалап өттү.

«Күчтүү мусулман алсыз мусулманга караганда Аллах Таалага сүйкүмдүүрөөк. Ошондуктан биз илим, билим менен биргеликте сергек жашоого, спорт менен машыгууга аракет кылышыбыз керек. Уюштурулуп жаткан оюн ортобузда ынтымак үчүн, бири-бирибизди жакындан таануу жана сергек жашоого үндөө максатында уюштурулуп жатат. Андыктан бири-бирибизди сыйлап, жакшы оюн кылып кайталы. Ортобузда ынтымак жеңип, талашканыбыз сый гана болсун!», – деп билдирди облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев.

Кичи футбол боюнча өткөн достук мелдешинде Талас казыяты 1-орун, Бакай-Ата хатибияты 2-орун, Айтматов хатибияты 3-орунду камсыз кылышты. Мындан сырткары оюш жүрүшүндө өзүнүн мыктылыгын көрсөткөн оюнчуларга Алкыш баракчалары тапшырылды.

Кийинки өтө турган «Ынтымак» турнири 2025-жылдын жаз айларында Манас районунда өтмөкчү.