Нарын: Мамлекеттик мыйзам жана салттуу ислам боюнча сабаттуулукту жогорулатуу курсу жыйынтыкталды

Бүгүн, 29-октябрь күнү Нарын шаарында КМДБ, КР ДИМК ТАБ жана “Ыйман” руханий маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан “Мамлекеттик мыйзам жана салттуу ислам боюнча сабаттуулукту жогорлатуу” аталышындагы окуу курсу жыйынтыкталды. Бул окуу курсуна Нарын облусуна караштуу жалпы 27 айыл аймактарынын жооптуу имамдары катышты.

Окуу курсунда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү мыйзамдары, диний подтемалар боюнча лекциялар менен практикалык сабактар өтүлдү. Сабактарды жогорку билимдүү адистер өзлөрүнө таандык лекцияларын окушту.

Эки күндүк окуу курсунун жыйынтыктоо бөлүгүнө облус казысы Эрик Молдокулов, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Нарын облусундагы өкүлү Алмазбек Максутов, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Жанузак Туран уулу, казынын орун басары Кумарбек Орозалиев катышып, келген имамдарга ыраазычылык сөзү айтып, сертификаттарды тапшырды.

Окуу соңунда имамдар квалификациялык билимди жогорулатуу курсун уюштуруп берген Муфтиятка, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына, казыятка, ошондой эле «Ыйман» фондуна терең ыраазычылыктарын айтышып, ак батасын беришти.