Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоого алуу Кыргызстан боюнча 2024-жылдын 1-ноябрынан 15-ноябрга (саат17:00) чейин облустардагы Казыяттарга тиешелүү операторлор тарабынан жүргүзүлөт.
2025-жылдагы Ажы башчылыкка коюлган каттоо талаптары.
- Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо тартиби электрондук (Eid) же ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт.
- Талапкердин өз колу менен Азирети Муфтийге жазылган арызы. (Ажы башчылыкка талапкерлердин тизмесине кабыл алуусун сурануу).
- Талапкердин резюмеси.
- КМДБнын түзүмүндөгү дин кызматкери катары азыркы учурда иштеп жаткандыгы туралуу маалым кат же буйрук; (Буйрук 2023-жылдын 1-ноябрь айына чейин чыгарылган болуусу шарт. Эгерде жумуш ордун которгон болсо, эски буйругу менен жаңы буйругу кошо тиркелет. 2023-жылдын 1-ноябрынан кийин берилген буйруктар ажы башчылыкка кабыл алынбайт).
- Ажы башчылыкка талапкер кызмат өтөгөн аймакта жумуш ордуна бекиткен буйругунун негизинде тийиштүү Казыяттын эсебинде каттоого алынат.
- Электрондук (Eid) же ID-карт паспорттун көчүрмөсү жана тышкы жарандык паспортунун көчүрмөсү (Электрондук (Eid) же ID-карт жана тышкы паспорттордун көчүрмөсү бир баракта болуусу шарт);
- 3х4 көлөмүндөгү 4 даана сүрөт; Сүрөт түстүү, ак фондо, матовый кагазда болуусу шарт (Ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт).
- Ажы башчылыкка талапкерлерден КРнын Ички Иштер Министрлигинин Маалымат Борборунан соттолбогондугу тууралуу (аныктама) маалым кат талап кылынат.
- Ажы башчылыкка талапкер, ажылык парзын өтөгөн же умрага барган болуусу шарт; (Ажылык визасынын көчүрмөсү, эгерде паспортун жаңылаган болсо Казыяттан ажылык парзын өтөгөн же умрага баргандыгы тууралуу аныктама талап кылынат).
- 2024-жылы ажы башчылыкка тандалган талапкерлер 2025-жылдагы ажы башчылык тандоого катыша албайт;
- Ажы башчылыкка талапкерлердин жашы 55 (элүү беш) жаштан ашпоого тийиш, (2024-жылы 1-ноябрдан кийин 56 жашка толгон талапкерлердин иш кагаздары кабыл алынбайт);
- Маалымат технологияларын өздөштүрө билүүсү шарт (өзгөчө: word, excel, ватсап, телеграм, иш кагаздарды компьютер менен сканерлеп JPG, PDF форматында компьютерге флешкага жүктөөнү билүү ж.б.).
- Ажы башчылыкка талапкерлерден Республикалык жана облустук Психоневрологиялык жана Кожвендиспансерден учетто турбагандыгы тууралуу маалым кат талап кылынат.
- Ажы башчылыкка талапкерлердин иш кагаздарын Казыяттардын алдындагы жооптуу операторлор кабыл алат.
- Ар бир талапкерден өзүнө тиешелүү болгон жергиликтүү Казыяттардан ажы башчылыкка сунуштоо аныктама талап кылынат.
- Ажылыкта зыярат кылуучу жайлардын диндеги ордун (хаж маселесин ж.б.) жакшы билип, сынак тапшыруусу;
- Араб тилин билүүсү;
- Уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү;
- Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган ажы башчылыкка талапкерлерге ж.б. кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажы башчылыкка талапкер өзү төлөйт (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга барган ар бир ажы башчыга тааныштырып, каттоого алат).
- Сынактан ийгиликтүү өткөн Ажы башчылардан 086/ медсправка талап кылынат.
- Эскертүү: Жогорудагы талаптар өзгөртүлсө кошумча билдирилет.
- Ажы башчылыкка талапкерлерге 1-тесттик сынактар 2024-жылы 20-ноябрда;
- 2-тесттик сынактан ийгиликтүү өткөндөргө баарлашуу сынактар 2024-жылы 21-ноябрда;
- Ажылык боюнча суроолорго жооп алуу үчүн
- Төмөнкү номерлерга кайрылыңыздар тел: 0312 430205; 0778 — 0708 486167.