«Шейит-Дөбө» кыздар Куран окуу борборунда ачык саат өткөрүлдү

Ош шаарындагы «Шейит-Дөбө» кыздар Куран окуу борборунда Ош шаардык мусулмандарынын казыяты тарабынан демилгеленген ачык саат өткөрүлдү. Ачык саат үчүн Куран жана Куран эрежелери сабактары тандалып, анда методика алмашуу максатында өзгөчө ыкмалар көрсөтүлдү.

Ош шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Мураталы ажы Мамадияр уулу окуучулардын бирдиктүү формасына жогорку баасын берип “Азыркы учурда Куран китебин окуган көп, бирок иш жүзүнө ашырган аз болууда. Ошондуктан аны туура окуп, туура түшүнүп амал кылалы. Ал үчүн эң биринчи устазды сыйлашыбыз керек”, – деп айтып бир катар мугалимдерге казыяттын атынан Ыраазычылык баракчаларды тапшырды.

Ачык сабактын жүрүшүндө студенттер Курандагы сүрө жана аяттарды талдоо менен бирге өз колдору менен тартышкан сүрөттөрүн колдонуу менен даана түшүндүрүп беришти.

Айта кетсек, ДОЖдордогу бул саамалыктар КМДБ жетекчисинин буйругуна ылайык өткөрүлүүдө.