Кызыл-Кыяда имамдарга өрт коопсуздугу боюнча инструктаж болуп өттү

Бүгүн, 30-октябрь күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиевдин демилгеси менен шаардагы имамдарга кыш мезгили жакындап келе жатканына байланыштуу мечит, медреселерде өрт коопсуздугун алдын алуу максатында КР ӨКМдин Кызыл- Кыя шаардык ӨКБнүн башчысы, майор Бакытбек Тойгонов менен биргеликте өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча инструктаж болуп өттү.

“Иш-чаранын жүрүшүндө имамдарга теориялык жана практикалык маанилүү маалыматтар берилди. Бул иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун №389 буйругун аткаруу максатында уюштурулду”, – деди Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Нийматилла ажы Топчиев.

Муну менен катар баш имам-хатиб мечиттердин жана дааратканалардын тазалыгы, кышкы мезгилге карата жылуулук менен камсыздоо тапшырмасын берди.