Кызыл-Кыя шаарындагы “Жаамии” мечити оңдоп-түзөлүүдө

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы “Жаамии” мечитинде имамдын демилгеси, жергиликтүү элдин колдоосу менен кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Казыяттан маалымдашынча, мечитке келгендердин ибаадаттарын ыңгайлуу шарттарда аткаруусу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун кыш мезгилине даярдык көрүү тууралуу №389 буйругун аткаруу максатында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Учурда мечитти жылуулук менен камсыздоо, ички жана сырткы кооздоо иштери жүргүзүлдү. Жалпы 1 млн сом сарпталды. Аталган иштерди жасоого жергиликтүү эл жана чет өлкөдө эмгектенген мекендештерибиз колдоо көрсөттү. Демөөрчүлөргө өзүмдүн жана шаар тургундарынын атынан ыраазычылык билдирем. Жараткан алардын жакшылыгын эселеп кайтарган болсун”, – деди мечиттин имам-хатиби Бактияр ажы Солтонбек уулу.