Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов аталган райондун Каратай айылындагы 200 адамга ылайыкташкан жаңы салынган мечиттин ачылышына катышты. Ал салтанаттуу аземде мечитти гүлдөтүп карай турган имам жана жергиликтүү эл экендигин эскертип, демөөрчүлөргө жана демилге көтөрүп чуркагандарга ыраазычылыгын билдирди.
«Албетте жакшылык ишке себепчи болгондор аны жасагандай соопко ээ болуусу талашсыз. Мындан ары мечитти гүлдөтүп карай турган имам жана жергиликтүү эл болуп саналат. Биргеликте жакшылык иштерди аткарып, мечитти дагы да жогорку деңгээлде өнүктүрүүгө аракеттенүү керек. Демилге көтөрүп чуркагандарга, жерин берген Ырысбай атанын балдарына жана демөөрчү болгон «Ас-Салам» фондуна ыраазычылык билдирем», – деди баш имам-хатиб Исак ажы Юнусов.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын август айында аталган мечиттин тиешелүү иш кагаздары бүткөрүлүп, ДИМКдан эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк алган.