Чүй облусунун аймагындагы айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдарын окутуу курсу жыйынтыкталып, катышкан дин кызматкерлерине сертификаттар тапшырылды. Аталган саамалыкка КР ДИМКнын бөлүм башчысы Айбек Иминов, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев жана «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун директору Жанузак Туран уулу катышты.
Аламүдүн, Кемин, Чүй жана Ысык-Ата райондорундагы жооптуу имамдар катышкан бул окутууда мыйзамдуулук жана салттуу ислам тереңдетилип окутулду.
«Имамдарыбыз дин үчүн, эл-журт үчүн талбай кызмат кылып келишет. Алардын аракети ат көтөргүс. Биз имамдарыбыздын квалификациялык билимин жогорулатуу максатында бир катар окутуу-семинарларды, курс-тренингдерди өткөрүп, алардын диний билимдерин кайталап алуусуна, ошондой эле заман талабына ылайык баш көтөрүп жаткан көйгөйлөр жана ага исламдын көз карашы боюнча маалымат жеткирүүгө аракет кылып келебиз. Буга чейин шарият, акыйда боюнча тереңдетилген курстар уюштурулса, эми мамлекеттик мыйзамдуулук жана салттуу ислам боюнча курс уюштурулду. Бул саамалык КР ДИМК жана «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашты», – деп билдирди Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев.
Айта кетсек, аталган окутуу өлкөнүн бардык аймактарында пландуу түрдө уюштурулуп жатат.