Ош шаардык мусулмандарынын казыяты Жибек-Жолу аймактык жашоочуларына Президенттин тиешелүү жарлыктарынын негизинде жыйын өткөркөрдү. Жыйналышка Ош шаардык мэриясынын Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгын башчысы Мурат Матмусаев, Ош шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Мураталы ажы Мамамияр уулу, казынын кеңешчиси Анасхан Ташхуджаев, имамдар, медресе мугалимдери, мектеп мугалимдери жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Жибек-Жолу аймактык башкармалыктын башчысы мамлекеттик мыйзамдарга жана мамлекетти сыйлоого чакырса, казынын орун басары улут аралык мамилени чыңдоо, мусулмандардын ортосундагы бөлүнүп-жарылуунун алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, жашы жете электердин турмуш куруу маселеси, ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасы боюнча токтолду. Ал эми казынын кеңешчиси тойлордогу, ар кандай керексиз отуруштардагы, маркумду узатуудагы ысырапкерчилик, жаштарды турмушка даярдоо, мурас, талак жана өзгөчө аялдар ортосунда ысырапкерчилик көбөйүп баратканына байланыштуу аялдарга жеткирүүгө токтолду.
Жыйындын соңунда Мураталы ажы Мамадияр уулу элдин суроолоруна жооп берип, аталган мекемелер менен мындан ары да чогуу иш алып барууну сунуштады.