Нарын шаарындагы Сатыбалды Нааматов жана медициналык коллежинин студенттерине зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча семинарлар болуп өттү. Семинарга Нарын шаардык мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү секторунун башчысы Айзат Мурзаканова, Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын бөлүм башчысы Гулмира Султаналиева, Нарын облустук казыятынын өкүлү Кумарбек Орозалиев, шаардык прокуратура жана ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада ар кесип ээлери студенттерге зордук-зомбулук тууралуу баяндама жасашып, терс көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырып өтүштү.
Ал эми казынын орун басары жаштарга акыл-насаат сөздөрүн айтып жатып, “Бул берилген жашоодо бирөөнүн өмүрүнө кол салуу, бирөөнүн тургай өз өмүрүнө кол салуу адамга да, кудайга да жакпаган иш. Андыктан жашыңар жете электе эрте никеге туруп албай, башты илимге, жүрөктү ыйманга толтуруп, анан жашоо кечиргиле. Ыймансыз, илимсиз адам – аксак адам. Андыктан ар тараптан окуу керек”, – деди Кумарбек Орозалиев өз сөзүндө.