Бекназар ажы Жапаров: «Айыл өкмөттүн жооптуу имамдары хатибияттын ишмердүүлүгүн жакшыртууга көмөктөшөт»

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров райондогу 14 айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына жыйын өткөрүп, аларга тиешелүү жоопкерчиликтерде көмөктөшүүсү боюнча бир канча тапшырмаларды берди.

«Райондогу 14 айыл өкмөттүн жооптуу имамдары хатибияттын ишмердүүлүгүн жакшыртууда тиешелүү жоопкерчиликтерде көмөктөшөт. Айта турган болсок, экөөсү төлөмдөрдү чогултуу, экөөсү мечиттердин тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, экөөсү ажылык иштеринде, экөөсү диний окуу жайлар боюнча жана башка ушул сыяктуу жоопкерчиликтүү кызматтарда хатибият кызматкерлерине көмөктөшө турган болду», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.