Баткенде имамдардын билимин жогорулатуу курсу уюштурулду

Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрь жана 1-ноябрь күндөрү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен биргеликте Баткен облустук мусулмандарынын казыятында «Мамлекеттик мыйзам жана салттуу ислам боюнча сабаттуулукту жогорулатуу» аталышындагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу семинары болуп өттү.

Эки күндүк семинарга Баткен облусунун аймагындагы 22 айыл өкмөттүн жоопту имамдары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепциясы тууралуу КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов сабак өтүп берди. Ал эми салттуу дин болгон Ханафи мазхабы, Куран, фикх, Матуридия акыйдасы, жүрүм-турум эрежелери жөнүндө атайын тажрыйбалуу дин кызматкерлери сабак өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

“Окуу курсунун максаты имамдарыбыздын билим деңгээлине көңүл буруу аркылуу жалпы жарандарыбыздын диний амалдарын сапаттуу өтөөгө шарт түзүү болуп саналат. Курсту аяктаган имамдарга сертификаттар тапшырылат. Ошондой эле аталган курска катышкан жоопту имамдар билимин аймактагы башка дин кызматкерлерине жайылтышат”, – деди Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров.