Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери Сулайман ажы Шерматов, Ибрагим Ильяс уулу, Алибек Акпарали уулу жана Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакировдор Өзгөн районундагы диний окуу жайлардын кыдырып, тиешелүү тапшырмаларды берди.
— Окуу жайдын имаратында түзүлгөн шарттарын жакшыртуу жана тазалыгына көңүл буруу;
— Окуу программасында көрсөтүлгөн диний адабияттардан башка уруксаты жок китептер медресесинин китепканасында болбошу;
— Тайпалык журналдарын эрежеге ылайык толтурулушун көзөмөлгө алуу;
— Финансылык маселелери боюнча кириш-чыгыш чыгымдарына так болуу;
— Студенттердин жана мугалимдердин өздүк маалыматтарын толуктоо;
— Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча окуу жайдагы көрнөк-жарнактар жана тиешелүү иш кагаздары кыргыз тилинде болуусу;
— Видео байкоочу камераларды орнотуу.
«Эскерткиле, эскертүү момундар үчүн пайда» деп айтылгандай, биздин ДОЖдорду кыдырууларыбыздын түпкү максаты сиздерге кемчиликтерди оңдоп алуу үчүн мүмкүнчүлүк жаратып берүү болуп жатат. Ооруну дарылоого караганда анын алдын алган жакшы демекчи, жогоруда берилген тапшырмаларды жоопкерчилик менен аткарыңыздар», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.