Ош облусунда жооптуу имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган окуу курсу жыйынтыкталды

Үстүбүздөгү жылдын 2-3-ноябрь күндөрү Ош облустук казыятынын жыйындар залында КМДБ, КР ДИМК жана «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен биргеликте облус аймагындагы айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына уюштурулган «Мамлекеттик мыйзам жана салттуу Ислам боюнча сабаттуулукту жогорулатуу» курсу жыйынтыкталып, сертификаттар тапшырылды.

Жыйынтыктоодо акыйда, усул-у фикх, Куран илимдери жана мамлекеттик мыйзамдар тууралуу тест өткөрүлдү.

«Билим деңгээлди жогорулатуу үчүн үзгүлтүксүз аракет кылуу керек. Анткени үйрөнгөн нерсени өз алдынча да кайталап, изденүү менен ийгиликке жетилет. Ал эми бул окуу курсу ар тараптуу маалыматтуу болууга мүмкүнчүлүктөрдү түздү. Жыйынтыгында окуу курстун катышуучуларына окугандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды», – деп билдирди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Айта кетсек, аталган окуу курсунун программасына ылайык, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнүн мыйзамдык негиздери, Куран илимдери, ислам юриспруденциясы, акыйда жана риторика багытында окутуу өткөрүлдү.