Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы Пушкин атындагы орто мектебинде Тоң раойнунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов ата-энелер менен жолугушуу өткөрдү. Жыйында баш имам-хатиб салттуу ислам, терроризм, экстремизм, окуучулар арасында рэкетчилик, бала тарбиясы туурасында лекция окуду.
«Урматтуу ата-энелер, балдардын тарбиясы өтө маанилүү иштерден болуп саналат. Бул – чоң жоопкерчилик. Пайгамбарыбыз да бала тарбиясын баса белгилеп, ата-эненин балага берген тарбиясынан өткөн мурас жок экенин айткан. Бала мектептен илим алса, үйдөн тарбия алат. Эми ошол балдарга тарбия берүүдө үлгү болуп, көрсөтүп берүү менен тарбиялаган жеткиликтүү болот», – деди баш имам-хатиб.
Андан сырткары экстремизм, терроризм, Кыргыз Республикасынын аймагындагы тыюу салынган диний агымдар тууралуу маалыматтар айтылды.
Кошумчалай кетсек, Тоң районунун башка айылдарында дагы мектеп окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер менен жолугушуулар пландалууда.