Баткен шаарындагы “Абу Бакр Сыддык” мечитинин ички бөлүгү жаңыланып, кыш мезгилине карата шарттар түзүлдү

Баткен шаар, районунун баш имам-хатиби Сайдахмад ажы Аппазовдун демилгеси, жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Баткен шаарындагы “Абу Бакр Сыддык” мечитинин ички көрүнүшү жаңыланып, килемдер салынып, дубалдары сырдалды. Ошондой эле кыш мезгилине карата жылуулук менен камсыздалды.

Баткен шаар, районунун баш имам-хатиби Сайдахмад ажы Аппазовдун айтымында, оңдоп-түзөө иштеринен кийин намазга келгендер үчүн бир топ эле ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ал үчүн 1 млн сомго жакын каражат сарпталган.

“Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун кыш мезгилине карата даярдык көрүү жөнүндө тапшырмасына ылайык, мечиттке келгендер үчүн ибаадаткананын ичи жылуу болушу керек. Салынган килемдери да адамдардын көзүнө урунган, сажда кылганда кубанып, көңүлүнө толо тургандай болусу зарыл. Мындай шарттарды түзүп берүүгө көмөк көрсөткөн жергиликтүү демөөрчүлөргө ыраазылык билдирем”, – деди Сайдахмад ажы Аппазов.