Кечээ, 4-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен биргеликте Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыятында «Мамлекеттик мыйзам жана салттуу ислам боюнча сабаттуулукту жогорулатуу» аталышындагы 72 сааттык имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу семинары башталды.
Аталган окутууга Жалал-Абад облусунун аймагындагы 37 айыл өкмөттүн жооптуу имамдары катышууда. Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепциясы тууралуу ДИМКнын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев сабак өтүү. Ал эми Куран, фикх, салттуу дин болгон Ханафи мазхабы, Матуридия акыйдасы, жүрүм-турум эрежелери жөнүндө атайын тажрыйбалуу дин аалымдары; облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Бакыт ажы Усманов, Мирлан кары Кожошов, Алтынбек ажы Бешубаков, Абдимухамед Рыскулов өз тажрыйбалары менен бөлүштү.
“Окуу курсунун максаты имамдарыбыздын билим деңгээлине көңүл буруу аркылуу жалпы жарандарыбыздын диний маалыматтарын жакшыртып, диний амалдарын сапаттуу өтөөгө шарт түзүү болуп саналат. Курсту аяктаган имамдарга сертификаттар тапшырылат. Ошондой эле аталган курска катышкан жооптуу имамдар билимин аймактагы башка дин кызматкерлерине жайылтышат”, – деди Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков.