Жалал-Абад облусунун аймагындагы айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдарын окутуу курсу жыйынтыкталып, ага катышкан дин кызматкерлерине сертификаттар тапшырылды. Аталган саамалыкта ДИМКнын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган тажрыбалуу адистер жана устаздар сабак өтүштү.
«Имамдарыбыз дин үчүн, эл-журт үчүн талыкпай кызмат кылып келишет. Алардын дин үчүн кылып жаткан кызматы эбегейсиз. Албетте кайсыл мамлекеттин мыйзамдары сакталып корголсо, ошол мамлекетте тынчтык, өнүгүү болот. Ошондой эле диний билим берүүгө, эркин ибадат кылууга, үгүт иштерибиз жүргүзүүгө шарт түзүлөт. Эки күндөн бери сиздерге тажрыйбалуу адистер сабак беришти. Билимиңиздерди ушуну менен токтотуп салбастан мындан ары да изилденип, элибизге ата-бабаларыбыз бекем карманып келген Ханафи мазхабы, Матуриди акыйдасы боюнча кызмат кылышыңыздарга ишенем”, – деди Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков.
Айта кетсек, аталган окутуу өлкөнүн бардык аймактарында пландуу түрдө уюштурулуп жатат.