Баку: «Дүйнөлүк диндер жашыл планета үчүн» аттуу саммит өтүүдө

Азербайжандын борбор калаасы Бакуда БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын (COP29) тараптарынын конференциясынын 29-сессиясы өз ишин баштады. Аталган саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров катышууда.

Бүгүн 5-ноябрда дүйнөнүн диний лидерлеринин «Дүйнөлүк диндер жашыл планета үчүн» темасындагы глобалдык Баку саммити өз ишин пленардык отурумун улантууда.

АЗЕРТАЖ билдиргендей, отурумда «Климаттык кризиске диндердин жана ишенимдердин көз карашы жана анын планетага тийгизген таасири, жашоо жана жашоо каражаттары», «Жашыл келечекти илгерилетүүдө, климаттын өзгөрүшү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууда жана ага каршы күрөшүүдө диний уюмдардын ролу», «Диний жана Цивилизациялар аралык диалог аркылуу Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү», «Куралдуу чыр-чатактар, зордук-зомбулук, экоциддер жана урбициддердин айлана-чөйрөгө зыяны, булардын климаттын өзгөрүшүнө каршы глобалдык күрөшкө тийгизген терс таасири» сыяктуу маселелер каралып жатат.