Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам-хатиби Абдусатар ажы Эркинбеков Борбордук Азия коллежинин 1-курс студентерине ата-энени сыйлоо, урматтоо боюнча лекция окуду. Ал лекциясында Аллах Таалага ибадат кылуудан кийинки эле орунда турган ата-энеге жакшы мамиле кылуу, аларга дайыма жакшы сөз сүйлөө, аларды сыйлап-урматтоо эң сооптуу иштерден экенин баяндады.
Ошондой эле азыркы учурда болуп жаткан зордук-зомбулуктун алдын алуу, адеп-ахлактын зарылдыгы боюнча токтолуп, жаштарды окутуп, билим берген мугалимдерди да урматтап сыйлоого, жакшы билим алууга чакырды.
«Келечегибиз силерсиңер. Ошондуктан силер ыймандуу, билимдүү, адептүү болсоңор, коом оңолот. Мамлекетибиз өнүгүп-өсөт», – деди Майлуу-Суу шаарынын баш имам-хатиби өз сөзүндө.