Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери жана райондук баш имам-хатибдер Чоң-Алай районуна расмий иш сапары менен барышты.
Облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев кечээ, 6-ноябрь күнү райондук баш имам-хатибдер менен биргеликте Чоң-Алай райондук маданият үйүндө жергиликтүү эл менен жолугушуп, анда КР президентинин тиешелүү Жарлыктары боюнча маркумду акыркы сапарга узатууда ыксыз чыгымдарга жол бербөө, той-аштардагы ысырапкорчулуктун алдын алуу, үй-бүлө баалуулуктарын сактоо, бала тарбиясына жоопкерчиликтүү болуу, мечиттердин абалын жакшыртууда жергиликтүү элдин имамга колдоо көрсөтүүсү, диний маселелерди расмий имамдардан суроо ж.б.у.с. маселелер боюнча өз баяндамасын жасады.
Жергиликтүү эл менен жолугушуу алкагында Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов хатибияттын ишмердүүлүгүн тууралуу маалымат берип өттү.
Айта кетсек, Абибилла ажы Кадырбердиев Чоң-Алай районуна жасаган иш сапарынын алкагында райондун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов менен биргеликте Жекенди айыл өкмөтүндөгү Кара-Мык айылында жайгашкан «Тилек Баатыр» атындагы Кара-Мык чек ара бекетиндеги жоокерлер менен жолугушуп, Мекенди сүйүү жана ислам дининин баалуулуктары тууралуу баяндама жасаган.