Диний окуу жайлардагы окутуучулардын сабак берүү чеберчилигин өстүрүү, жоопкерчиликти күчөтүү, студенттердин билим сапатын көтөрүү, инновациялык жана интерактивдик сабак өтүүнүн ыкмаларын жайылтуу максатында КМДБ жетекчиси тарабынан демилгеленген 3-айлампа көчмө семинар Жалал-Абад шаарындагы жайгашкан «Абдулла ислам» институту мекемесинде өткөрүлдү.
Семинарга Жалал-Абад казыятынын окуу боюнча адиси Н. Рустамбек уулу, мечит адиси А. Жороев, облус аймагындагы бардык диний окуу жайлардагы акыйда сабагынын устаздары, уюштуруучулар жана аталган окуу жайдын студенттери катышты.
Ачык сабак акыйда сабагы боюнча инновациялык усулда өтүлсө, “Ханафий мазхабынын жайылышына салым кошкон кыргыз жергесинен чыккан инсандар” тематикасынын алкагында класстан тышкаркы сабак уюштурулду. Ачык сабакта студенттер өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтсө, класстан тышкаркы иште Кыргыз жеринен чыккан улуу инсандардын өмүр таржымалы, адабияттары жана сахналаштырылган көрүнүштөр коюлду.
Иш-чаранын соңунда мугалимдер ачык сабакка жана класстан тышкаркы иштин өтүлүшүнө анализ беришип, кемчиликтерди жана жетишкендиктерди айтышты. Муну менен катар сабакты жакшыртуу максатында сунуштарын беришип, иш-чаранын жүрүшү тууралуу сунуш-пикирлерин билдиришти.
Көчмө семинардын жыйынтыгында ачык сабакка жана класстан тышкаркы ишке “эң жакшы” деген баа берилди.