«Муъаз ибн Жабал» медресесинин окутуучулары үчүн саякат уюштурулду

Баткен шаарындагы «Муьаз ибн Жабал» медресесинин кыздар бөлүмүнүн окутуучулары үчүн Бишкек шаарына илимий саякат уюштурулду.

Саякаттын жүрүшүндө окутуучулар Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы, Кыргызстан Ислам университети, «Арчалы» медресесинин ишмердиги менен таанышып, ал жакта эмгектенген кызматкер менен тажрыйба алмашты.

Ошондой эле 7-8-ноябрь тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата тарыхый жерлерди зыярат кылышты.

Медресе мугалимдери кызыктуу саякат уюштурууга мүмкүнчүлүк түзүп берген медресе мүдүрү Султанмурат ажы Исраевге ыраазылык билдиришти.

Эскерте кетсек, иш-чара медресе мугалимдерин башка диний окуу жайлары менен тажрыйба алмашуу кызматташууну жакшыртуу максатында уюштурулду.