Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн диний ишмерлер менен жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Мамлекет башчысы мыйзамга кошумча түзөтүүлөр киргизилип жатканын, буга чейин дин аалымдары менен бир нече жолу чогулуп, пикир алмашуу болгонун белгиледи. Ал бүгүнкү жыйында дагы бир жолу дыкат карап, электен өткөрүп, анан Жогорку Кеңешке жиберүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
Президент ушул мыйзам долбоорунун тарыхына кыскача токтолуп, мындан эки ай мурда Дин иштери боюнча комиссия бул мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган демилгеси сын-пикирлер менен коштолгонун, радикалдуу пикирлер да болгонун белгилеп өттү.
Садыр Жапаров Кыргызстан светтик мамлекет болгондон кийин дин иштерине кийлигишпей турганын, ал эми диний ишмерлер болсо мамлекеттин ишине кийлигишпей турганын айтты. Бирок Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында жана жалпы эле диний чөйрөдө Муфтиятка жана Аалымдар кеңешине карата урмат-сыйдын жоктугу көрүнүп турган башаламандык орун алууда.
Мамлекет башчысы 2010-жылдан 2020-жылга чейин мамлекеттик бийликтин башкаруу тармагында да “улак тартыш” болуп келгенин, анын кесепетинен мамлекетибиз чачырап кете жаздаганын эске салды. Ал 2020-жылы Баш мыйзамдан баштап бардык мыйзамдарды оңдоп-түздөө иштери башталганын, анын натыйжасында тартип орноп, мамлекет өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилей кетти.
Президент ошондой эле жол менен Муфтият менен Аалымдар кеңешинин позициясын бекемдөө үчүн “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун жаңы редакцияда иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ал мамлекеттик реформалар сыяктуу эле, мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы өлкөнүн бардык конфессияларында тартипти орнотууга, анын ичинде мусулмандар арасында ынтымакты камсыздоого мүмкүндүк берет.
Мамлекет башчысы ошондой эле радикалдык элементтер менен күрөшүүдө диний ишмерлердин колдоосу талап кылынарын баса белгиледи. Ал динге жамынып алып, тескери кеткендерди Муфтият тарбиялап, даават айтуу менен оң жолго салышы керектигин айтты. Ал эми “дааватты жоюп атат” дегендерге, даават жоюлбайт, тескерисинче, канчалаган жарандарыбыз даават уккандан соң оң жолго түшкөндүгүнө далилдер көп, деди.
Президент Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктап жатып, катышуучуларды мындан аркы талкуулоого чакырды жана мыйзам долбоору боюнча алымча-кошумчаларды киргизип, ар тараптан талкуулап, жакшылап иштеп чыгып, анан Жогорку Кеңешке жиберүүнү сунуштады.
Диний ишмерлер өз кезегинде долбоор акыркы эки айдан бери бир нече жолу талкууланганын жана алардын сунуштары жеткире иштеп чыгуу учурунда эске алынганын белгилешти. Бүгүнкү жыйындын алкагында мыйзам долбоорунун текстине кирген кошумча сунуштар да айтылды.
**************
Президент Садыр Жапаров провел совещание с религиозными деятелями
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров провел совещание с религиозными деятелями для обсуждения проекта закона «О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике» в новой редакции.
В ходе совещания Глава государства отметил, что в проект закона вносятся дополнительные поправки, многие из которых уже обсуждались с представителями духовенства на предыдущих встречах. Он подчеркнул важность окончательного согласования всех поправок перед направлением законопроекта в Жогорку Кенеш.
Президент также вкратце остановился на предыстории законопроекта, отметив, что инициатива внесения поправок, предложенная Государственной комиссией по делам религий два месяца назад, вызвала в обществе резонанс и порой радикальные отклики.
Садыр Жапаров констатировал, что государство не вмешивается в религиозные дела, и религиозные деятели не должны вмешиваться в дела государства. Он обозначил, что в этом и заключается принцип светскости. Однако, в Духовном управлении мусульман Кыргызстана и религиозной сфере в целом, сейчас существует беспорядок, который проявляется в отсутствии уважения к Муфтияту и Совету аалымов.
Глава государства привел в пример сферу государственного управления с 2010 по 2020 годы, когда «перетягивание каната» едва не привело к дестабилизации страны. Он отметил, что в 2020 году была начата работа по пересмотру основного закона, а затем и по изменению всех законов, что привело к наведению порядка в стране и позволило ей встать на путь развития.
Президент отметил, что подобным образом, необходимо было разработать проект закона «О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике» в новой редакции для укрепления позиции Муфтията и Совета аалымов. Он подчеркнул, что, как и в случае с государственными реформами, новая редакция законопроекта позволит обеспечить порядок регулирования всеми конфессиями страны, в частности, единство среди мусульман.
Глава государства также подчеркнул, что борьба с радикальными элементами требует поддержки религиозных деятелей. Он сказал, что именно Муфтият должен наставлять тех, кто отклонился от истинного пути, через проповеди и наставления, т.е. через «даават». При этом он заверил, что «даават» ни в коем случае не запрещается и, напротив, он же доказал свою положительную роль в обществе.
По итогам совещания Президент Садыр Жапаров призвал участников к дальнейшему обсуждению законопроекта и предложил вносить свои поправки, чтобы доработанный и всесторонне обсужденный проект мог быть представлен в Жогорку Кенеш.
Религиозные деятели, в свою очередь, отметили, что на протяжении последних двух месяцев проект неоднократно обсуждался, и в ходе доработки их предложения были учтены. В рамках сегодняшнего совещания также со стороны участников были озвучены дополнительные предложения, которые вошли в текст законопроекта.