Нарын районундагы 8-март айылынын 1970-жылдан 2005-жылга чейинки туулган айыл тургундары элет имамы Майрамбек Султаналиевдин көп жылдык эмгегин баалап, жакындан колдоо көрсөтүштү. Тактап айканда, айыл имамынын жашап жаткан үйүн толук ремонттон өткөрүп берүү менен бирге кампа жана короо жайын салып беришти.
Салынган короо жайды томсортпоо максатында айыл имамына чарбачылыгын улап кетүү үчүн 30 баш майда жандык алып беришти.
Ушундай өзгөчө саамалыкка Нарын облусунун казынын орун басары Кумарбек Орозалиев жана «Нарын» балдар медресесинен өкүлдөр катышып, айыл тургундарына терең ыраазычылыгын айтуу менен бирге демөөрчүлөргө Нарын облустук казыятынын Ыраазычылык баракчаларын тапшырышты.