Бүгүн, 11-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын тутумундагы аймактык казыяттардын пресс-катчыларынын окутуу жыйынтыкталып, сертификаттар тапшырылды.
«Буга чейин окутууларыбыз онлайн форматта өтүп келген болсо, бүгүн жыйынтыктоочу семинарды офлайн форматта уюштурдук. Окутуунун максаты креативдүүлүк, аймактагы диний мекемелердин ишмердүүлүгүн жогорку деңгээлде чагылдыруу, чыгармачылык жана креативдүүлүк менен иштөө боюнча маалыматтарды бердик. Ошондой эле журналистиканын негизги эрежелери, информацияны так берүү ж.б. тажрыйбалар менен бөлүштүк», – деп билдирди КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев.
Айта кетсек, сертификаттарды тапшыруу саамалыгы муфтияттын медиа студиясынын ачылыш аземинин алкагында өткөрүлдү.